Ноокатта 5000 сом пара алып жаткан жеринен кармалды делинген инспектор 2 айга үй камагына чыгарылды
Ош облусунун Ноокат районунда Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча бөлүмүнүн инспектору 5000 сом пара алып жаткан жеринен кармалганын ИИМдин маалымат кызматынан кабарлаган. Инспектор 2 айга үй камагына алынганын өздүк булактардан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ноокат райондук соту инспектор З.Кнын жашы жете элек 2 баласы бар экенин эске алып, аны 2 айга үй камагына чыгарды.
Пара алып жаткан жеринен кармалды делинген инспектордун абалы сурак учурунда начарлап, "Тез жардам" кызматы менен ооруканага жеткирилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
Рейтинг:
0

Заринаны коргондо Ноокаттагы шопурлардыкы булкулдойт эле
Атиң элдин шору акчалуулар жашап калган Кыргызыстанда...