super.kg logo

ЖЭБ соту: Отурумда мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев акыркы сөзүн айтып жатат

 

Бүгүн, 6-декабрда Бишкектеги Свердлов райондук сотунда ЖЭБди жаңылоодогу коррупция боюнча соттук отурум уланууда. Анда судья айыптоочуларга акыркы сөзүн айтууга кезек берди. Отурумда мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев акыркы сөзүн айтып жатат.

Сатыбалдиев: "Иштин башында мен биз юрист, экономист болуп чыгабыз дегем. Өз өлкөмдүн мыйзамды уккан жараны катары бардык иш-аракеттеримди мыйзамдын чегинде кылгам. Мен өлкөгө 34 жыл эмгек кылдым. Мен үчүн камакка отуруу эмес, сөгүш алыш оор. Адамдын кадырына жетиш оор, ал эми бирөөгө күнөө коюп, ушак айтыш көбүнүн колунан келет. А бирок абийир менен ак чечим чыгарыш баарынын колунан келе бербейт. ЖЭБ оор технологиялык станциялардын бири болуп саналат. Ал алтын казуу өндүрүшүнөн дагы оор. Мага өзүмдүн актыгымды далилдөөгө туура келип жатат. Мамлекеттик айыптоочулар өкмөттүн регламентин бузган деген айып коюп жатат. Мыйзамда өкмөттүн түзүмүн өкмөт башчы, вице-премьер-министрлер жана министрлер түзөт. Өкмөттүн регламенти абдан чоң. Ал динамикалык түрдө бат-баттан өзгөрүп турат. Аны эч ким жатка билбейт. Өкмөттүн регламентин эстеп калуу мүмкүн эмес. Аны окуш керек. Анын негизинде фактыларды бурмалабай, өзүнө керектүү жерин гана албай, мыйзамдын чегинде колдонуш керек. Менин алдымда өлкөдөгү ири көйгөйлөрдү чечүү маселеси турган. Мен ал маселелерди чече алдым деп ойлойм", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
06.12.2019. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кызматтан кыянаттык менен пайдалануу жакшы эмес Жанторо мырза.
06.12.2019. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жантөрө Сатыбалдиев сиз Ош жана Жалал-абад шаарларын кайра калыбына келтирүү иштеринде курулган үйлөр тууралуу эмнеге айткан жоксуз? Азыр үйлөрдүн абалы авариялык абалга келип калган. Ошол үй-бүлөлөрдүн убалы уруп кетпесин.
06.12.2019. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул кары киши 35 жыл мамлекетке иштеп бердим дебей 35 жыл мамлекетти тонодум деп айтса туура болмок.
06.12.2019. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Бугунку болуп жаткан иш боюнча Сооронбай Жээнбеков дагы жооп бериш керек. Азыр Соке бийлик башында туруп алып оз билгенин кылып жатасын. Сооронбай кетсин. Ар кайсы саясий цирк уюштарбай.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: