super.kg logo

Кара-Балтада эки аялдын жансыз денеси батирден табылды. Алар апасы жана кызы болушкан

 

Кара-Балтада апасы менен кызынын жансыз денеси өздөрү жашаган батирден табылды. Алардын денесинде эч кандай зомбулуктун изи болгон эмес. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан кабарлашты.

"5-декабрда саат 15:00дө Жайыл РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Кара-Балтадагы көп кабаттуу үйлөрдүн батиринен эки аялдын жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Ал жерге ыкчам тергөө тобу барып, маркумдардын денесинен зомбулуктун белгисин тапкан эмес.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Каза болгондордун бири 71 жаштагы Л.П. жана анын 40 жаштагы С.П. аттуу кызы болгондугу аныкталган. Алдын ала маалыматтарга ылайык, үй ээсинин жана анын кызынын жансыз денесин маркумдун курбусу аныктап, милицияга кабар берген. Мындан тышкары, батирдин конок бөлмөсүндөгү үстөлдөн кат табылган. Катта алар өмүрүн өздөрү кыйганын, бул окуяга эч кимди күнөөлөөнүн кереги жок экендиги жазылган.

Азыркы учурда милиция кызматкерлери бул факты боюнча тергөө иштерин жүргүзүп, өлүмдүн так себептерин аныктоонун үстүндө иштеп жатышат. Бардык тиешелүү экспертизалар дайындалды", - дешти басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
06.12.2019. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
70 жаштагы кемпир суицид жасаганына ишенбейм
06.12.2019. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Олтуруп квартирасын тартып алышкандырда
06.12.2019. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орус оюндагысын кылат, дегендей, өздөрүн өздөрү өлтүрсө өлтүргөндүр самогондон бастырып алышып.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: