super.kg logo

ЖЭБ соту: Мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев: "Силер бизди эмес, мыйзамды соттоп жатасыңар"

 

Бүгүн, 6-декабрда Бишкектеги Свердлов райондук сотунда ЖЭБди жаңылоодогу коррупция боюнча соттук отурум уланууда. Анда судья айыптоочуларга акыркы сөз берди. Мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев акыркы сөзүндө залда бир нече айдан бери дайыма отурумга катышып жүргөн адамдар отурганын белгиледи. ЖЭБ кандай модернизация болгонун ушул адамдардай эч ким жакшы билбесин айтып, ЖМКларда туура маалымат таратыларына ишеним кылып жатканын билдирди.

"Эгиз бир тууган болсо дагы, аларда эки башка пикир болушу мүмкүн. Ошондой эле Жогорку Кеңештеги ар кандай фракцияларда анын ичинде ар кайсы депутаттарда ар биринин өзүнө тиешелүү пикири, позициясы болот. Бир күнү бир фракциянын өкүлү келет, тиги экөөнө алтын туфли кийгизип, эмнеге мага жок деп келет. Эртең менен бир фракция келип, "сен кечээ бул министрди коюпсуң, бүгүн меникин кой" дейт. Макул, маселени карап көрөлү деп кетирсең, эртеси башка бирөөсү келет. Муну менен алардын баарын бир чечимге келтирүү мүмкүн эмес экенин билдиргим келип жатат. Ошону менен айыптоочу тараптын мени ТЭО жок туруп документке кол койгон деген жүйөсү негизсиз. Камакта отурганда тергөөчү мени суракка эки жолу гана чакырды. Анда мени эмнеге камап отурганын түшүнгөн жокмун. Өзүмө байланыштуу бир мисал келтирейин, Чыңгызхан өз жоокерлерине салык чогултууга тапшырма берет. Калк кыйналат, акырында күлө баштайт. Эми мага дагы ыйлагандан өтүп, күлгөн гана калды. Анткени мамлекеттин мыйзамдары боюнча иш алып барсаң, мыйзам бузуу катары каралып жатат. Башкача айтканда, силер биздин эмес, мыйзамдарды соттоп жатасыңар", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(7)
06.12.2019. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Акыркы сөзү ушул бекен? Илмияновго окшоп жакшылап айтпайбы? Кечирип койгула дебейби?
06.12.2019. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бул кары киши 35 жыл мамлекетке иштеп бердим дебей 35 жыл мамлекетти тонодум деп айтса туура болмок.
06.12.2019. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
бул жакшы создордун артында кандай гана политикалык ойундар, акчалар турат. мамлекеттин уурдалган акчалары ж.б. кооз создорго алданбаныздар.
06.12.2019. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Сатыбалдиев мегакорупционер
06.12.2019. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Баш мыйзамды Аша жоготуп жиберген
06.12.2019. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мунусу буякта периште болуп жатат, Сапаш, Ольга, Артыкбайлары тиякта периште болуп жатышат, анда шайтан ким? Же 386 млн доллар өзүнчө эле которулуп келип, сарпталып жоголуп кеттиби? Ким күнөөлүү экенин ачык айткылада, жоопкерчиликти бергиле ошого.
Store түзөттү 2019-12-06 18:03:01
06.12.2019. 20:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ТЭЦ бул жакта калып, Ош, Жалал-Абатты калыбына келтируудогу млндорду жегенинди баары билет суттон ак боло бербениз Жанторо Сатыбалдиев
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: