super.kg logo

ЖЭБ соту: Отурумда мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковго акыркы сөз берилди

 

Бүгүн, 6-декабрда Свердлов райондук сотунда ЖЭБди жаңылоодогу коррупция боюнча соттук отурум уланууда. Анда судья айыпталуучуларга акыркы сөз берди. Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков өз сөзүндө аны менен бир кылмышка шектелип камалгандардын айрымдары менен тергөөдө гана таанышканын белгиледи.

"Алгач бизди камакка алганда, элге модернизацияланган жаңы ЖЭБде авария болду деп, туура эмес маалымат таратышкан. Убакыттын өтүшү менен авария ЖЭБдин эски бөлүгүндө болгонун коомчулук биле баштады. Эми бизге авария боюнча эмес, укуктук-нормативдик актылар, мыйзамдарды, регламентти бузган деп айып коюп жатышат. Мамлекетте мындай жагдай улана берсе, жакында эч ким иш-кагаздарга кол койбой калат. Азыр эле мамлекеттик кызматтагылар документтер менен иштөөдө корко баштады. ЖЭБ боюнча коррупция болду деп алаксып жатканда, өлкөнүн түндүгүндө электр энергия боюнча көйгөй башталышы мүмкүн. Анткени быйыл суунун көлөмү аз сезон.

Бүгүнкү күндө депутаттардын көбү эки жүздүүлүгүн көрсөттү. Ал эми азыркы бийлик, тилекке каршы, ошондойлорду жактырат экен. Мени өкмөт башчылык кызматтан ишенимсиздик квотасы менен кетиришти. Андан соң тез аранын ичинде УКМКнын камагына отурушум, Райым Матраимовду кетирген үчүн өлкө башчынын өч алуусу деп кабыл алдым. Мен кыргызстандыктардын көзү ачылып жатканына кубанычтамын, анткени буга чейин мага эч ким ишенген эмес. Болбосо кантип эле СИЗОдо эч кандай факты жок 10 ай кармашты. Бул саясий репрессия" - деди Исаков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(11)
06.12.2019. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Кычкач кантип 600$ болду ошону айтчы.
Absamat-90 түзөттү 2019-12-06 15:03:55
06.12.2019. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Сен антип акылдуу болумуш болбой 111 млн долларды кайтарып ордуна алып келип кой. ТЭЦте эмне үчүн авария болду? Силер акчанын жарымын уурдап алганынар үчүн болду да... Ошол акчаны толук ТЭЦти модернизациялоого жумшаганыңарда азыр башкача ситуация болмок.
Alimbek1000 түзөттү 2019-12-06 15:08:14
06.12.2019. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
эч ким куноолуу эмес экен, ортодо жок болгон акчаны эл озу эле жеп ийиптир да анда, силер баарынар таза, ак экенсинер
06.12.2019. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Сапар Исаков ЖЭБ боюнча жана быйылкы абал боюнча кайгыга батпай эле койсун. Азыр мамлекеттик структураларды ишенимдүү жана таза адамдар келе баштаган.
06.12.2019. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Сапар Исаков куноолу эмес тарых бир куну тастыктайт
06.12.2019. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Akshumkar, Анда ким күнөөлүү эркекче айтчы тууган? Ашада күнөөсүзмүн дейт, ким анда бул жоопкерчиликти мойнуна алуучу барбы? Же кытайдын ошол компаниясын күнөөлөп, 386 млн $ дын дайыны жок отура беребизби? Ашаң, Артыкбайбы, же Артыкбаевпи ошол, Жантөрө, Ольга, дегеле баары периште болуп жатат, жышып, ыйлап)), анда ким күнөөлүү? Сен айтчы эркекче калыстык кылып?
Store түзөттү 2019-12-06 17:59:05
06.12.2019. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Сапар тажиктер полный 100 пайыз нольдон башталган ТЕЦти 349 млнго курду силер ТЕЦтин 30 пайызын 386 млн долларга курдунар элди келесоо ойлогонду токтотчу чырагым
06.12.2019. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Урматтуу Исаков, бул жерде сен күнөөсүзмүн дейсиң, тиякта аша күнөөсүзмүн, дейт, ал жакта Жантөрө күнөөсүзмүн дейт, анда ким күнөөлүү ЖЭБ тин шылтоосу менен ошончо эбегейсиз асманга кеткен акчалар үчүн? Ошол кезде өлкөдөгү негизги фигура Аша экөөң элеңерго? Экөөңтең жоопкерчиликтен качып жатасыңар, анда ким жооп бериш керек? Баарибир бирөө жооп бериш керекта, ал силерсиңер. Убагында аша баарын өз моюнума алам деп алып, эми сөзүнөн тайып отурат.
06.12.2019. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаңыланган ТЭЦтин кубаттуулугу өсөт,толук бойдон кыргыз көмүргө өтөт дедиңер эле, дагы деле казак көмүрү, кубаттуулугу өспөй эле, кайра күчү жетпей жарылды го
06.12.2019. 23:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Biylike kelbei ele Amerikada ele ishingdi ishtep juro bersen emne attin jash adamdin kelechegin talkalashti politikanin intrigasi menen
06.12.2019. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Чын чынына келгенде Сапар соке раим курманбек аскардын баары соттолуш керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: