super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Бишкек шаарынын Ак-Тилек жаңы конушунда борбордук канализацияга туташтыруу үчүн көчөлөрдү казып салып, иш токтоп калды" дейт окурман

 

Бишкектин Ак-Тилек жаңы конушунун Кырк Чоро көчөсүндө борбордук канализацияга туташтыруу иштери көптөн бери токтоп, жашоочулар үчүн ыңгайсыздык жаратып жаткандыгын "Элдик кабар" бөлүмүнө окурман билдирди.

"Бир ай мурун Ак-Тилек жаңы конушундагы Кырк Чоро көчөсүн борбордук канализацияга туташтырабыз деп казып башташкан. Башында жакшы эле иштеп жатышкан. 3-4 күн болду, казылган боюнча иш токтоп калды. Көчөнү жарымына чейин казып, трубаларды коюп ошол боюнча калтырып коюшту. Ылай, баткактан жайылып эле жатып калдык. Бул жакта иштеген балдарга чалсак, "экскаватор бузулуп калды. Жок болсо эмне кылалы? Силер таап бергиле, анан кылалы" деп кайра бизди жаман көрүшөт", - дейт нааразы болгон конуштун тургундары.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: