"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Экскаватор бузулуп, иш токтоп калган. Бүгүн ишке киришебиз", - дейт компания жетекчиси

"Элдик кабарга" бүгүн, 6-декабрь күнү Бишкектеги Ак-Тилек жаңы конушунун тургуну "Кырк Чоро көчөсүн борбордук канализацияга туташтырабыз деп казып салып, иш токтоп калды" деген нааразычылыгын айтып байланышкан. Бул окуя боюнча иш алып барган "Азия строй" компаниясына байланыштык. Компаниянын директору Эрмек Токтосунов SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү билдирди.
"Казуу иштерин биз 20-ноябрда баштаганбыз. Көчөнүн ылдый жагынан баштап казып келип, көмүүгө келгенде экскаватор бузулуп калды. Биз бир үйгө канализация киргизген жокпуз да, бир көчөнү толук, (513 метр) казып жатабыз. Ал бир жумада бүтчү иш эмес. Жер казылып, түтүктөр коюлган соң "Бишкексууканалдан" эксперттерди чакырып, ар бирин текшертебиз. Алардын көзөмөлүнөн өткөндө гана көмөбүз. Азыр 300 метрдей көмө турган жер, 70 метрдей казылчу жер калды. Бүгүн ишке киришебиз", - дейт ал.



1 |