super.kg logo

"Голос" телеберүүсүнүн катышуучусу ырчы Нуржигит Субанкуловду Константин Меладзе алып калды

 

Учурда Орусиянын Биринчи каналында көрсөтүлүп жаткан "Голос 8" телешоусуна кыргыз ырчысы Нуржигит Субанкулов катышууда. Кечээ кезектеги "Нокауты" деп аталган баскычы көрсөтүлдү. Анда устаттардын ар биринин командасынан 3 аткаруучу ырдап, устаттар купулуна толгон жалгыз шакиртти тандап алышты.

Программада Валерий Сюткиндин шакирти Нуржигит америкалык ырчы Крис Айзектин легендарлуу "Каардуу оюн" («Wicked Game») ырын аткарды. Тилекке каршы, Сюткин мекендешибиздин атаандашы Арсен Мукендини тандап, Нуржигит кетмей болду. Долбоордун шартына ылайык, катышуучуларга дагы бир мүмкүнчүлүк берилип, башка устаттар жаккан ырчыны тандап, долбоордон кетирбей алып калса болот. Нуржигит өз кезегинде баарына ыраазычылык айтып коштошуп жаткан учурда атактуу композитор Константин Меладзе кызыл баскычты басып, Нуржигитти өз карамагына алып калды.

Берүүдөн кийин социалдык тармактарда Нуржигиттин айланасында көп талкуу болду. Көпчүлүк анын үнүнүн тембрине суктанып, "Валерий Сюткин ушундай талантты колунан чыгарды" дешсе, айрымдары "Сюткин кыйын, ал күчтүү шакирттерин кетирбей калсын. Константин Меладзе сактап калышын билген, ошон үчүн Нуржигитти тандаган жок" деген пикирлери менен бөлүшүүдө.






Нуржигит Субанкулов "Голос" берүүсүндө

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
07.12.2019. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Азамат
07.12.2019. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Сюткинди билбедимго Меладзенин колунан коп жылдыздар чыккан
07.12.2019. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сюткинге да ыраазычылык билдиребиз, себеби ал баарына түрткү болду биринчисинде
08.12.2019. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат ийгилике жете бер.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: