Азербайжан: Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин 4-саммити 2014-жылы Түркияда болот

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин 4-саммити 2014-жылы Түркияда болот. Бул тууралуу бүгүн, 16-августта Түркиянын президенти Абдулла Гүл аталган кеңештин 3-саммитине катышуу учурунда билдирди. “Саммитти жогорку деңгээлде өткөрүүгө аракет кылабыз”,- деди Гүл. Белгилей кетсек, бүгүн, 16-августта Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин III саммити Азербайжандын Габала шаарында өтүүдө. Бул кеңештин 1-саммити 2011-жылы Казакстанда өтсө, 2012-жылы Кыргызстанда өткөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

