Жалал-Абад. Шаарда айдоочуларга карата "Крутой" аттуу рейд жүрүүдө
Жалал-Абад шаарында 14-16-август күндөрү айдоочуларга карата "Крутой" аттуу рейд жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 16-августта Шаардык жол-кайгуул кызматынын башчысы Жамалдин Исманов билдирди. Айтымында, рейд учурунда айнегин караңгылаткан 24 автоунаа, мас абалында руль башкарган 4 айдоочу жана айдоочулук күбөлүгү жок рулда жүргөн 7 жаран кармалган. Аларга административдик протокол түзүлүп, иш сотко өткөрүлүп берилгени айтылды. "Мындай иштер жол кырсыктарынын алдын алуу максатында уюшулуп жатат", - дейт Исманов.
Автор: Кенже Тынымбек кызы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
21:13
2025-11-05
19:43
2025-11-05
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















