Өзгөндө абада учуучу шар пайда болду




Социалдык тармактарга "Өзгөндүктөр абада учуучу шар жасап чыкты" деген аталышта видео тараган. Анда талаада абада учуучу шарга адамдар түшүп, бийиктикте учуп жүргөнүн көрүүгө болот. "Баасы чоң кишиге 700 сом, балдарга 400 сом турат дешти. Үй-бүлө менен келип учуп коюу парз экен" деп бирөөсү айтса, "кабинкасына 700 сом кылса болмок, бир адамга 700 кымбат" дегендери да бар. Бул окуя боюнча Өзгөн районунун акиминин орун басары Болот Дыйканбаев SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү билдирди.
"Абада учуучу шарды Дастан, Нурсултан, Ислам жана Юсуф Алимбаев деген бир туугандар Орусиядан сатып келишкен. Аны Өзгөндө туризмди өнүктүрүү максатында ишке киргизишти", - дейт ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Туристер учун анча кымбат эместир, жонокой адамдар учун кымбатырааакго)