"Мен 20 жыл өлкөгө салым кошуп эмгектендим". Кикбоксинг боюнча 3 жолку Дүйнө чемпиону Авазбек Аманбеков президентке үй жана стипендия сурап кайрылды





Белгилүү спортчу, кикбоксинг боюнча Дүйнө чемпиону жана Азия чемпиону Авазбек Аманбеков өлкө башчысына кайрылды.
Кайрылуусун спортчу өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жүктөгөн. Ал өз сөзүндө, 20 жылдан бери Кыргыз өлкөсүнүн желегин желбиретип көптөгөн беделдүү мелдештерде байгелүү орундарды ээлеп келгендигин, бирок анын эмгеги мамлекет тарабынан бааланбай жатканын баса белгилеген.
Ошондой эле ал "Жогору жактан менин сөзүмдү сүйлөп, жеңишимди жеткире айтып турган, ак көйнөк кийген, галстукчан агам, байке-тайкем болбогон соң, "алма быш, оозума түш", деп жата бербей демилгени өз колума алып, өзүм эле айтайын деп чечтим. "Улуттук", "олимпиадалык", "олимпиадалык эмес" деп бөлүп жарбастан, мээнет бар жерде, ийгилик бар демекчи, жасалган мээнетимди баалап, көңүлүмдү алар деген үмүт менен бул кайрылууну жасадым", - деп билдирген.
Авазбек Аманбеков Азия оюндарынын, Азия чемпиондугунун жеңүүчүсү. Ушул жылы 36 күндүн ичинде кикбоксинг боюнча эки Дүйнө чемпиондугуна катышып, экөөндө тең алтын медаль тагынган.
Кикбоксчу Авазбек Аманбеков президентке кайрылды

Экинчиден уй болосун туугандарын тааныйм.
Ата-энеси ото жонокой жана жупуну жашайт.
УРМАТТУУ журналистер каалагандар болсо, Авазбектин уйуно барып материал даярдап келсенер сооп болмок. Авазбек Аллах сага жардамчы, колдоочу болсун.
УРМАТТУУ журт атасы колдоп койнуз
Балдары ото тарбиялуу жана ыймандуу.