"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Информатикадан сабак берген мугалимдер кошумча каражатты кайтарып бербейт" дейт министрликтен
Сузактагы мектептерде информатикадан сабак берген мугалимдерге ден соолугуна келтирилген зыян үчүн деп төлөнгөн кошумча каражатты кайтарып берүүсүн талап кылып жатканын окурман "Элдик кабарга" билдирген. Бул боюнча Билим берүү жана илим министрлигине кайрылганыбызда, маянага кошулган акча кайтарылбайт дейт.
"Бул маселе сентябрь айында талкууланып, министрлик түшүндүрмө берген. Ага ылайык, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы информатика мугалимдери акыркы үч жылдагы эмгек маянасына ден соолугуна келтирилген зыян үчүн деп төлөнгөн каражатты кайтарып бербейт. Себеби Эмгек кодексине ылайык, арифметикалык катадан башка туура эмес эсептелген эмгек акы кайтарылбайт экен. Бул боюнча Сузак райондук билим берүү башкармалыгына айтылган. Министрликтин бул билдирүүсүнөн кийин деле мугалимдерден кошумча каражатты талап кылуу токтобой жатса, мугалимдер расмий түрдө министрликке кат жазып, акыркы жолу качан талап кылганын көрсөтүшү керек. Ошондо биз райондук билим берүү башкармалыгындагы айрым кызматкерлерге карата тиешелүү чара колдонобуз.
Буга чейин мугалимдердин айлыгына 15 пайыз кошулуп берилген каражат Экология жана техникалык коопсуздук инспекциясынын тийиштүү уруксаты жок Сузак райондук билим берүү башкармалыгынын кызматкерлеринин катачылыгы менен которулган. Ал кызматкердин иши териштирилген", - деди маалымат кызматынан.
