super.kg logo
  Саясат  

"Кынтыксыз ишенимге ээ болгон судьялардын курамы өсүп жатат" дейт президент

 

2017-2019-жылдары Тартип комиссиясы 190 судьяны тартип жоопкерчилигине тартуу жөнүндө чечим кабыл алган. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда Кыргыз сотунун 95 жылдыгына карата уюштурулган иш-чарада президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Анын айтымында, 14 судьяга сөгүш, 170 судьяга эскертүү түрүндөгү тартип жазалары берилген.

"Башкы прокуратуранын сунуштамалары боюнча 11 судьяны, анын ичинде мурдагы 6 судьяны жана иштеп жаткан 5 судьяны жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берилген. Бир катар судьялар боюнча комиссия тарабынан ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу түрүндөгү чечимдер кабыл алынган. Аларды колдоого алып, тиешелүү жарлыктарга кол койдум. Ошондуктан мыйзамдуулукту коргой турган бийлик бутагынын өкүлдөрү мыйзамсыз фактыларды түп тамыры менен жоюуга тийиш. Судьялык кесип өтө жооптуу кесип, ал жаңылууну, ката кетирүүнү кечирбейт. Ар бир чечимдин артында адамдын тагдыры турат. Ал гана эмес, туура эмес кабыл алынган соттук чечимдер жалпы мамлекеттик башкарууга, бүтүндөй коомго доо келтирет. Биз мыйзамды мыкты билген, анын үстөмдүгүн сактаган, акыйкат иш алып барган, көз карандысыздык менен жоопкерчиликти айкалыштыра билген судьялардын корпусун түзүүгө умтулуп жатабыз. Мунун натыйжасында, өздөрүнүн калыстыгы менен коомубузда бийик кадыр-барктуу, кынтыксыз ишенимге ээ болгон судьялардын курамы өсүп жатат", - дейт өлкө башчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: