super.kg logo
  Саясат  

Президент: "Соттордо жеке адамдык фактор дагы эле күчүндө"

 

Сот системинин жетекчилиги өзүнүн бардык ишмердүүлүгүн электрондук форматка өткөрүү боюнча судьяларга үлгү болушу керек. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда Кыргыз сотунун 95 жылдыгына карата уюштурулган иш-чарада президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.

"Жогорку Сот жергиликтүү сотторго үлгү болушу шарт. Мен жакында Жогорку Сотко өзүм барып, иштин жүрүшү менен таанышам.

Судьялардын ишин оптималдаштыруу керек. Жарандардын доо арыздары жана каралган соттук иштердин саны, сотторго болгон жүктөм көлөмдүү бойдон калууда. Жергиликтүү соттордун судьяларынын иш жүктөмү бирдей эместигин тиешелүү анализ көрсөтүп турат. Аларды теңдештирүү зарылдыгы бар. Ошондуктан административдик-аймактык бирдиктер боюнча судьялардын ар бирине болгон жүктөмдөрдү эске алуу менен штаттарын өзгөртүү каралууда. Бул чараларды мыйзам аркылуу бекитүү керек.

Сот реформасын ишке ашыруу үчүн мамлекет жетиштүү акча каражатын бөлүүдө. Сот системинин ачыктыгын, адилеттүүлүгүн камсыз кылуу максатында санарип технологиясы кирүүдө. Материалдык база жакшырууда. Бирок, реформаны алдыга жылдырайын деген демилге, аракет байкалбайт. Соттордо жеке адамдык фактор дагы эле күчүндө. Адам фактору жоюлмайынча, соттордун ичи тазармайынча, сот системин каржылоону канчалык көбөйтпөйлү, материалдык базасын канчалык оңдобойлу, сот реформасы ийгиликке жетишпейт. Ошондуктан эски көз караштардан арылып, башталган реформаларды аягына чыгаруу үчүн абийир сотунун алдында таза болушуңар керек. Ошондо жалпы сот системасынын аброю өсөт. Чет элдик инвесторлордун өлкөбүзгө деген ишеними артат. Дүйнөлүк коомчулукта Кыргыз мамлекетинин аброю сот системинин тазалыгы менен өлчөнөөрүн эсиңерден чыгарбагыла", - дейт Сооронбай Жээнбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: