super.kg logo

Париждин Елисей сарайында Путин менен Зеленскийдин жолугушуусу өтөт

 

Бүгүн, 9-декабрда Франциянын борбору Парижде Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын лидери Володимир Зеленский эки тараптуу жолугушуу өткөрмөй болушту. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.

Ага ылайык, эки лидердин жолугушуусу "Норманд төрттүгү" форматындагы саммиттен кийин Елисей сарайында орун алышы күтүлүүдө.

"Буга чейин Орусия өлкө башчысынын басма сөз кызматынан Путин менен Володимир Зеленскийдин Париждеги саммитте эки тараптуу жолугушуусу өтөрүн бышыктаган. Бирок сүйлөшүүлөрдүн форматы аныктала элек болчу. Бирок Киев буга карата эч кандай расмий билдирүү тараткан эмес. Ал эми Елисей сарайындагылар Франциянын президенти Эмманюэл Макрондун администрациясынын бул тууралуу маалыматы жок экендигин билдиришкен. Орусиялык эксперттердин айтуусунда, Орусия менен Украинанын лидерлери үчүн бул саммиттин алкагында кездешүүсү жакшы мүмкүнчүлүк болуп саналат. "Эки тараптуу сүйлөшүүгө убакыт келип жетти", - дешет эксперттер", - деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, "Норманд төрттүгү" форматындагы саммит, 2014-жылы башталган. Анын максаты Украинанын чыгышында башталган жаңжалды басуу болуп саналат. Ага Берлин, Париж , Москва, Киев шаарлары кирген. Акыркы жолу мындай форматта жолугушуу 2016-жылы болуп өткөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: