Лейлекте жансыз денеси табылган аялдын аты-жөнү такталды. Маркумдун эки баласы бар болгон
Баткен облусунун Лейлек районунда жансыз денеси табылган аялдын аты-жөнү такталды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, маркумдун аты-жөнү 5-декабрда такталган.
"Маркум Тажикстандын Согдий облусунун 39 жаштагы Т.А. аттуу жараны болгон. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө анын эки баласы бар болгону аныкталган. Бул факты боюнча шектүү кармалып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал сабалып өлтүрүлгөн", - деди басма сөз кызматынан.
Баткен облусунун Лейлек районунда белгисиз аялдын жансыз денеси 23-ноябрда Кулунду—Жаңы-Жер унаа жолунан табылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Rakyl12

09.12.2019. 19:38
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Олтуруп Кыргызстанга чыгарып койгонго жолдун боюна.
aiba_00

10.12.2019. 09:33
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адам омуру чымын олтургндой эле болуп калды го. Байкуш балдары жетим калды.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.