super.kg logo

Бишкекте аёосуз сабалган 60 жаштагы кароолчу. Бишкек ШИИББи издөө салган жаран жабырлануучудан 2 апта мурун тосмо арыз алып кеткен

 

Бишкекте аёосуз сабалган 60 жаштагы Каныбек Ботоканов аны сабаганга шектелип жаткан Мирмухамбет Ишембековго эки апта мурун тосмо арыз жазып берген. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жабырлануучунун кызы Жанна Ботоканова билдирди.

"Атамды сабаган баланын апасы үйгө келип, кечирим сурап кетип жаткан. Акыры атам шектүү баланын кичинекей кызына карап, тосмо арыз жазып берди. Андан соң издөөдө жүргөн бала өзү үйгө келип, кечирим сурап кетти. Атам ага экинчи мындай жоруктарды кылбоону айтып, жакшы эле түшүндүрдүм дейт. Атам баарынан дагы ал баланын кичинекей кызын аяды окшойт. Азыр атам жумушка барып, келип иштеп жатат. Ден соолугу да калыбына келип калды", - деди Ботоканова.

30-октябрда Бишкекте үйлөрдүн короосун кайтарган 60 жаштагы Каныбек Ботокановду белгисиз жарандар аёосуз сабаган видео тараган. Ленин РИИБи бул фактыны Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "бейбаштык" беренеси менен каттаган. Ботоканов Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда дарыланып чыкты. Ал эми Бишкек ШИИББи Мирмухамбет Ишембековго издөө жарыяланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
09.12.2019. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Баягы эле акча чечет да кичине акчага алданбай акмактын мурдунун суусун агазыш керек эле экинчи чондорго кол которгон эмес катуу суйлобой турган кылып
10.12.2019. 00:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Abdizhapar,Азыр каматам деп көкүрөк каккандар эртең акыйкат издеп калып жатат. Себеби бизде акыйкат жок акча берсең соттор адам олтургонду дагы актап жатат. Кечирим сурап келсе кечирип койуптур бул дагы эрдик. Дары дармек кеткен чыгымын төлөп берсе болду. Ал акмак ты Кудайым өзү жазалайттыр
09.12.2019. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бул кишини токмоктоп кеткен кишилерди жоопко тартуу керек.
09.12.2019. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
өз ара келишип сүйлөшүшкөн болсо болуптур да калгандар сасыбай эле койсок болор иш болду айкөлдүк бул дагы өзүнчө өтө чоң адамдык сапат
09.12.2019. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кенири эле журсо таппай атышыптыр да иим дер...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: