super.kg logo

Сауд Арабияда аялдарга тамактануучу жайларга эркектер менен бир эшиктен кирүүгө уруксат берилди

 

Сауд Арабиядагы тамактануучу жайларда аялдар менен эркектер бир эшиктен кирүүгө уруксат берилди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматтар боюнча, мурда коомдук тамактануучу жайларга аялдар жана алардын үй-бүлөсү бир эшиктен, ал эми алардын жакындары болбогон эркектер башка эшиктен киргени айтылган.

"Мындан кийин тамактануучу жайларга эркектер жана аялдар бир эле эшиктен кирмей болушту. Бирок аялдар отурган столдор менен эркектердин столдорунун ортосунда мурункудай эле тосмо калат. Ал эми башка коомдук жайларда, мектеп, ооруканаларда эрежелер өзгөрүүсүз калары белгилүү болду. Сауд Арабиянын Муниципалитет министрлиги билдиргендей, акыркы кезде көпчүлүк тамактануучу жайлар диний эрежелерди сактабай, бардык кардарларга бир эшик ачып коюшкан. Ошол эле маалда эски тартипти сактагысы келген кафе, ресторандар мурунку эрежени сактаса болот деп айтылган", - деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, акыркы кезде Сауд Арабиядагы аялдар көп укуктарга ээ боло башташты. Алсак, алар 21 жашында өз алдынча паспорт алып, саякатка чыкса болот. Мындан тышкары, аялдар айдоочулук күбөлүк алып, футболдук оюндарга барууга уруксат алышкан.

Бирок аялдардын банктык эсеп ачып, өзүнчө жашоосуна тыюу салынып келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
10.12.2019. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Арабтарга турмушка чыккан кыздарды коруп атабыз «золотой клеткада « эмне болуп журушконун. Премьер министиринин кыздары, аялы качып кетишти го, жакшы болсо качпаса керек эле)
10.12.2019. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр медресе, мечиттерге барсанар кыргыз жаштары арабча тексттерди, ырларды берилип жаттап, аны кайра кайра тоту куштай кайталай беришет. Мечиттерга барып арабча создорду кайталап жугуно бергенден пайда жок. Мечитттерге барып жугунбой эле койгула. Жашоо турмушубуз онолуп кетпейт. Андан коро билим алып, билим менен жашаш керек. Исламдын илгерки догмаларына, ырым жырымдарына ишенбейм. Карангы элди молдо башкарат, ырыскысы жок элди ырым жырымдар башкарат.
Tymar түзөттү 2019-12-10 13:07:26
10.12.2019. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Диний фанаттарга чыныгы адамкерчилик сапат маанилүү деле эмес. Исламда арабча кийинүү, арабтардын жерин ыйык тутуу, арабча сөздөрдү кайталоо, араб элин урматтоо сыяктуу нерселер милдет катары каралган. Арабтар Куранды ошого ылайыктап жазышкан.
11.12.2019. 01:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эмкиде ушинтип отуруп көбүнө уруксаат берилет, бул жерде эч кандай шарияттын кереги жок, аны биздин чала молдолор шарият деп киргизип алышкан, таңуулашып. Арабдардын эле жашоосундагы тыюу салынган эрежелери, каалашыларынча өзгөртө беришет
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: