Республика боюнча 9 айда 73 миң жумуш орун түзүлгөн
Быйылкы жылдын 9 айында республика боюнча 73 237 жумуш орун түзүлгөн. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, айыл чарба тармагы иш орундарын түзүү боюнча алдыңкы катарда турат. "Алардын ичинен 6 449 иш орунду иштеп жаткан ишканалар, уюмдар жана мекемелер (юридикалык жактар) берген, бул кайрадан түзүлгөн жумуш орундарынын 8,8 пайызы болуп саналат.
Бейформал чөйрөдө (жеке ишкерлик жана дыйкан, мал чарбачылыгы) 66 788 жумушчу орун берилип, 91,1 пайызды түздү. Айыл чарба тармагы иш орундарын түзүү боюнча алдыңкы катарда турат, бул чөйрөдө 23 019, бейформал тармакта 22 913 иш орду берилген. Экинчи орунда соода тутуму турат, анда 13 985 орун берилген, бул жылпы бейформал чөйрөнүн 90 пайызын түзөт", - деп жазылат маалыматта.







1 |