super.kg logo

Сокулук РИИБинин жетекчиси катышкан жол кырсыгы. Жүк ташыган унаанын айдоочусу каза болду

 

Сокулук РИИБинин жетекчиси Максат Чойбеков кырсыктан кийинСокулук РИИБинин жетекчиси Максат Чойбеков катышкан жол кырсыгында оор жаракат алган жүк ташуучу унаанын айдоочусу каза болду. Маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан тастыктады.

"Жабырлануучу Улуттук госпиталда оор абалда жаткан. Ал кечээ, 9-декабрда каза болду", - дейт басма сөз кызматынан.

Окуянын чоо-жайы:

7-декабрда Бишкек-Торугарт жолунда Сокулук РИИБинин жетекчиси Максат Чойбеков өзүнө тиешелүү Мерседес-Бенц автоунаасы менен батыштан чыгышты көздөй бара жатып, каршы келе жаткан Мерседес-Спринтер жүк ташуучу унаа менен кагышкан. Натыйжада жүк ташуучу унаанын айдоочусу Кант шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө оор абалда жаткан.
Андан тышкары, Максат Чойбеков аталган ооруканага кайрылып, амбулатордук түрдө дарыланып кеткен. Учурда бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши УКМКга жөнөтүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
10.12.2019. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жаткан жери жайлуу болсун
10.12.2019. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кырсыка ошондо мент куноолуубу?
10.12.2019. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кырсык каш кабак ортосунда. Иликтөөлөр аяктаганга чейин ИИМ кызматкери кызматынан четтеп турган.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: