super.kg logo

Бишкектеги ок атышуу. Шектүү катары Токтогул районунун эки тургуну кармалды (видео)

 

Кечээ, 9-декабрда Бишкектин Чапаев жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз жарандар тарабынан ок атышуу орун алганы маалымдалган. Бул кылмыштын бети ачылганын ИИМдин маалымат кызматынан кабарлады.

"Унаа менен жүргөн белгисиз жарандар саат 19:35те Чапаев жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде Тойота Авенсис үлгүсүндөгү унаага карай бир нече жолу ок чыгарган. Тойота унаасынын ичинде 3 жаран болгон. Алар унаа менен батышты көздөй качып кетишкен. Көп өтпөй Тойота Авенсис унаасындагы жарандар аларга карата ок чыгаргандарды издеп баштаган. Алар бир катар жол эрежелерин бузуп, натыйжада кырсыкка кабылган.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 39-жана 130-беренесинин 1-бөлүгү боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Окуя орун алган жерде тергөө иштери жүргүзүлүп, 6 гильза табылган. Мындан тышкары, унаалар текшерилип, жабырлануучуларга таандык буюмдар алынган. Жабырлануучулар Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген.

Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө 24 жаштагы Т. уулу И. жана М.Н. аттуу жарандар шектүү катары кармалган. Кармалгандардын жанынан Макаров тапанчасы алынган.

Шектүүлөр менен жабырлануучулардын баары Токтогул районунун тургундары экендиги аныкталды. Алар 1 жарым жылдан бери бири-бири менен касташып келгендиги маалым болду. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери улантылып жатат", - деп билдирет маалымат кызматынан.






Бишкектеги көчөлөрдүн биринде ок аткандар кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
10.12.2019. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ушундай куралдын тарап кетуусуно эски бийликтин тушундагы эки факты белгилесек болот.Бироосу апрель окуясында тарап кеткен куралдар, экинчиси белекке ото коп берилген куралдар.
10.12.2019. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Азыркы балдар курал менен атышып киресинер жигитче мушташкыла бирме бир чыгып, биз бала кезде кол менен урушчуу элек талуу жерге урбай утулган бала менен кайра эле учурашып дос бойдон кала берчуубуз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: