super.kg logo

Бишкек-Торугарт жолунда айдоочу менен жүргүнчүлөр сабалган. Кылмышка шектелип 4 жаран кармалды

 

Милиция кызматкерлери тарабынан бейбаштыкка шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Ата РИИБнин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7-декабрь күнү Ысык-Ата РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө Ш.У. аттуу жарандан Бишкек-Торугарт жолунда бир нече адамдын мушташып жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине барган ыкчам иликтөө тобу мушташка катышкандарды кармап, кайрылган адамга тиешелүү травматикалык тапанча табышкан. Бул факты "бейбаштык" беренеси боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Сотко чейинки өндүрүш учурунда милиция кызматкерлерине кайрылган жаран саат 01:00 чамасында 4 кебетеси азиялык болгон белгисиз жаран ВАЗ2107 унаасы менен Токмоктон баштап алардын артынан кууп, жолдун чекесине кысып чыгарып, аны жана жүргүнчүлөрдү себепсиз сабаганы тууралуу арыз менен кайрылган. Белгисиз адамдар жабырлануучунун травматикалык тапанчасын, документтерин жана унаасынын ачкычын алып койгон. Жүргүнчүлөр да өз кезегинде арыз менен кайрылып, факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Андан сырткары, 23 жаштагы А.С., Ш.Ж., А.Н. жана 22 жаштагы А.А. Мерседес-Бенц үлгүсүнүн айдоочусу Ш.У. жана анын жүргүнчүлөрүнүн үстүнөн арыз жазышкан. Аталган арыз да Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, мурунку соттук өндүрүшкө чейинки ишке кошумчаланган. Иликтөөнүн жыйынтыгында жогорудагы 4 жаран үй камагына алынды. Сотко чейинки өндүрүш иши уланып жатат.






Бишкек-Торугарт жолунда бейбаштыкка шектелген балдар кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
10.12.2019. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мындай бейбаш балдарды кичине камаса анан өзүнө келип кетет.
10.12.2019. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Оной оокатты коздогондор.Ал жолдон откондор туну-кун уктабай бала багам деп жургондор.
10.12.2019. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушул уй камагын бизде жойбосо болбой калды.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: