Орусия Катар-2022 Дүйнө чемпиондугунан четтетилиши мүмкүн

Дүйнөлүк допингге каршы агенттиги (ВАДА) Орусия спортчуларына ири мелдештерге катышуусуна 4 жылга тыюу салды. Мындай чечимди 9-декабрда ВАДАнын аткаруучу комитети чыгарган.
Бул чечим футбол боюнча Катарда өтө турган Дүйнө чемпиондугуна да тиешелүү. ФИФА ВАДАнын чечимдерин толугу менен аткарышы керек. ФИФА бул боюнча билдирүү азырынча бере элек.
Орусия мундиалга желеги жана гимни жок катыша алат. Курама команда тандап алуу оюндарынан ийгиликтүү өтсө, ВАДА курамдагы ар бир футболчуну бирден текшерип мелдешке катыштырат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Эми Россия Спортивный Арбитражный Сотко кайрылат ВАДАнын калыстык эмес чечими боюнча.