super.kg logo

Аляскада 5 жаштагы бала сууктан коркуп, бөбөгүн көтөрүп кошуна айылга барган

 

Аляскада үйүндө жарыгы өчүп калган 5 жаштагы бала бөбөгүн көтөрүп, жеңил кийимчен кошуна айылга барган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Алясканын Юкон түздүктөрүндө 5 жаштагы бала жеңил кийимчен 1 жарым жашар бөбөгүн көтөрүп алып, 1 чакырым алыстыкта жайгашкан кошуна айылга -35° градус суукта жол тарткан. Буга анын үйүндө жарыктын өчкөнү себеп болгон. Үйдө иниси менен кароосуз калган бала жарыктын өчкөнүнөн коркуп, суукка карабай кошуна айылга бет алган. Эки баланы кошуна айылдын тургуну көрүп, полиция кызматкерин чакырган. Полиция участогу жайгашкан Фэрбанкс шаарынан балдар жайгашкан Венити айылына баруу үчүн полиция кызматкерлери атайын учак жалдашкан. "Ал жакка баруу үчүн 12-16 саат кетти. Бактыга жараша, жергиликтүү жашоочу балдарды көзөмөлүнө алгандыктан, алардын абалы биз күткөндөй туруктуу болду", - дейт полиция кызматкери Кен Марш. Алясканын суугунда жеңил кийинип, кошуна айылга барган балдарды үшүк алганы маалымдалды.

Иликтөөнүн жыйынтыгында, 37 жаштагы Жули Питер жашы жете элек балдарды кароосуз калтырганы үчүн камакка алынган. Анын балдарга туугандык жайы барбы-жокпу айтылган жок.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
10.12.2019. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
акылдуу экен 5 жашар бала айыгып кетсин
10.12.2019. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Менин кызым 5жашта элестетип алып ичим элжиреп кетти. Байкуш бобогун калтырбай которуп алганын айтсан. Жащ баланын дуйносу ушунчалык тазада
11.12.2019. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Тема менен ичиндеги материал окшошпойт го.
11.12.2019. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Gsuita,Окшоштургучун иштебей калганбы.Эптеп эле коммент урдура бергендер зб кылдынар.
11.12.2019. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш балдарды кантип жалгыз таштап кетти
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: