super.kg logo

Тимур Файзиев: "Биз эч тоскоолдуктары жок шаар курабыз!"

 

"Биз эч тоскоолдуктары жок шаар курабыз!" Дал ушул фраза Elite House компаниясынын жетекчиси жана негиздөөчүсү Тимур Файзиевдин ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын эл аралык күнүнө карата болгон иш-чарасында лейтмотив болду.

Elite House компаниясы жыл сайын өтө турган ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн уюштурулган бир айлык иш-чараларга катышып, ар бир жаранга жеткиликтүү шаар жана бир жерден экинчи жерге баруу үчүн бирдей мүмкүнчүлүк түзүүнү жар салды. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын айтуусу боюнча, дал ушундай шарттардын жоктугу негизги көйгөй.

Укей Мураталиева "Назик кыз" аталышындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген кыздардын коомдук бирикмесинин жетекчиси Бишкекте мындай адамдар үчүн жетиштүү шарттар жок экендигин айтты. "Шарттар жок жерлер тууралуу кечке чейин айтса болот. Шарт бардык жерлерде жок. Ар ким эптеп жеткен жерине жетет", - деди.

2019-жылдын 7-декабрында Elite House курулуш компаниясы жаңы салынган ЦУМ соода борборунда жаңы сатуу кеңсесин ачты. Ошондой эле компания соода борборунун администрациясы менен биргеликте атайын пандус жасашты. Эми ар бир потенциалдуу кардар Elite House компаниясынын сатуу кеңсесине баш бага алат. Кеңсенин ачылышында ар кайсы уюмдан келген ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген атайын келген коноктор пандусту биринчилерден болуп текшеришти.

Тимур Файзиев Elite House бул социалдык-жоопкерчиликтүү бизнес жүргүзөрүн жана шаарды жакшыртуу долбоорлор менен иштеп келерин белгиледи. Жасалган ишти текшерүү үчү Тимур Файзиев өзү инвалиддик коляскага отуруп, пандус менен чыгып көрдү.

Иш-чарага эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жаңыл Алыбаева, Бишкек шаарынын вице-мэри Улан Азыгалиев катышты. Алар мамлекет тарабынан да ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга ар тараптуу колдоо болуп жаткандыгын жана Elite House компаниясынын бул аракети башкаларга үлгү болушу керектигин билдиришти.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(1)
10.12.2019. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат АЛЛА ыраазы болсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: