Казакстандык «КешYOU» тобу кыргыз дизайнерин тандады



Кыргыз дизайнер-модельери Арзубек Vonama Казакстандын жылдыздары менен иштешип баштады. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына билдирди.
"Бир жыл мурун Казакстандын белгилүү продюсери Баян Есентаевага иштешүү тууралуу сунуш киргизип, көйнөк тигип бергенбиз. Андан соң ал түптөгөн бойз-бэндге, кыздар тобуна кийим тигип бердик. Ошондон кийин продюсер биздин эмгегибизди баалап, ар дайымкы кардарыбызга айланды. Жакында «КешYOU» тобунун кыздарына форма тигип бердик. Баян Есентаеванын командасынан тышкары, казакстандык ырчылар Айдана Меденова, Камшат Жолдыбаева менен тыгыз иштешүүдөбүз", - дейт Арзубек.
Эске салсак, Арзубек кыргыз жылдыздарын кийинткен белгилүү дизайнер-модельер.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
0

Эртен казактар биздики деп чыкпаса болду