super.kg logo

Жасалма номерлүү бир нече унаанын айдоочусу Чүй облустук прокуратурасынын кызматкериби? Башкы прокуратуранын жообу

 

Интернетте 578 АСD мамлекеттик номер менен жүргөн бир канча унаанын сүрөттөрү жарыяланып, унаалардын айдоочусу Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Алмаз Мамбетов болушу мүмкүн экендиги талкууга алынган. Мамкаттоо кызматынан бул маалыматты четке кагып, Алмаз Мамбетов интернетке тараган сүрөттөргө өзү таң калып жатканын билдиришкен эле.

Социалдык тармактарга тарап кеткен сүрөттөрдүн бирине карата “Алмаз Мамбетов орун басарынын төшүн кармап жатат” деген билдирүү жазылган. Бул боюнча SUPER.KG порталына Мамкаттоонун төрагасынын орун басары Айнура Туйбаева комментарий берген.

Бүгүн, 10-декабрда интернетте жасалма номерлүү бир канча унаанын айдоочусу Чүй облустук прокуратурасынын 28 жаштагы кызматкери деген маалымат тарады. Бул маалыматты тактоо үчүн Башкы прокуратурага кайрылганыбызда буларды билдиришти.

"Прокуратуранын ички тергөө бөлүмү бул маалыматты текшерип жатат. Текшерүүнүн жыйынтыгы чыкканда, так маалымат берилет", - деди басма сөз кызматынан.

5 күн мурда жасалма номер менен жүргөн унааларга Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча республикалык башкармалык издөө жарыялаган. Башкармалыктын басма сөз кызматынан ведомство аралык комиссия түзүлгөнүн, азырынча унаа жана жасалма делинген номер табыла электигин билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: