super.kg logo
  Саясат  

КҮНСОБОЛ: Президентти сындагандарга каршы укук коргоо органдары жооп берсин. Мындай чакырык жарандардын пикирин эркин билдирүү укугуна каршы келбейби? Бектур Асанов: "Президент кошоматчылардын кеңештерин укпашы керек"

 

Бүгүн, 10-декабрда президенттин катышуусунда соттук реформа боюнча кеңешинин кезектеги жыйыны өттү. Анда Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтык Шайназаров президентти сындагандарга укук коргоо органдары жооп бериши керек деген пикирин айтты. Ал кээ бир саясатчылар, эксперттер "соттук реформа ишке ашпады, максатына жеткен жок" деп мамлекет башчыга да баа бере турган бейбаштыкка күбө болгонун билдирди.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Депутат президентти сындоону бейбаштык деп атап, ажону сындагандарга каршы укук коргоо органдарын жооп берүүгө чакырды. Мындай чакырык жарандардын пикирин эркин билдирүү конституциялык укугуна каршы келбейби?" деген собол салды.

Саясатчы Бектур Асанов президент кошоматчы саясатчылардан алыс болушу керектигин айтты. "Менин оюм боюнча, кээ бир депутаттар, айрым саясатчылар, партиянын жетекчилери жана активдүү мүчөлөрү "медвежья услуга" көрсөтүшүп, ашыкча кошомат кылып жиберишет. Президент ушуга окшогондордон алыс болушу керек. Ал кошоматчы депутаттардын, саясатчылардын кеңештерин укпашы зарыл. Бирөөнүн укугу бузулуп жатса, укук коргоо органдары ансыз деле киришет да. Мыйзам чегиндеги аракеттерге укук коргоо органдары эмнеге киришет?" - дейт Бектур Асанов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: