super.kg logo

"Бакай Банктан" бөтөлкө чогултуучу 100 тор челек: Бишкекте желим кайра кандай иштетилет (фото)

 

"Бакай Банк" баш калаада желим бөтөлкөлөрдү чогултуу үчүн "Тазалык" мамлекеттик ишканасына жүз тор челек орнотууга каражат бөлдү. Желимдер чогултулгандан кийин кайсы жакка жеткирилет жана кайра кандай иштетиле тургандыгына кызыгып көрдүк.

Май айында Бүткүл дүйнөлүк жапайы жаратылыш фонду (WWF) желим бөтөлкөлөрдүн бузулуусун түз трансляция кылган. "Дүйнөдөгү эң узак" стримде, бөтөлкө эч нерсе болгон жок. Фонддун маалыматы боюнча, анын бузулуусу үчүн дээрлик 450 жыл керек. Эң эле узак убакытты талап кылганына байланыштуу экологдор таштандыны өз-өзүнчө чогултуп, анын кайра иштетүүгө кетүүсүн көзөмөлдөө керектигин эскертишүүдө.

«Бакай Банк» шаардын санитардык абалын жакшыртуу максатында «Эко Деми» коомдук фондунун консультациялык колдоосу менен муниципалдык «Тазалык» ишканасына Бишкекте желим чогултуучу 100 тор челек орнотууга каражат бөлдү.

"Биз таштанды жана аны кайра иштетүү, табиятка жана айлана-чөйрөгө камкор мамиле кылуу маселесин мамлекет ар тараптуу жөнгө салуусун каалайбыз. Биз бизнестин, таштанды менен иштөө үчүн мүмкүнчүлүгү жетпеген мамлекеттик ишканаларга жардам берүүсүн сунуштайбыз", - дейт фонддун жетекчиси Айжан Чыныбаева.

Анын маалыматы боюнча, бишкектиктер ыргытып жаткан таштандынын 30% желим идиштерге туура келет. "Бакай Банк" менен чогуу заводдордун бирине барып, кайсы желим кандай иштетиле турганын талдап көрдүк.

Бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү

  1. Алгач бөтөлкөлөр атайын камылгада топтолот.
  2. Камылгадан бөтөлкөлөр түстөрү боюнча иргеле турган конвейерге түшөт.
  3. Түссүз жана актары өзүнчө, күрөң, жашыл жана көктөрү чогуу иштетилет.
  4. Иргелгенден кийин атайын машина этикеткаларды бөтөлкөлөрдөн ажыратат. Бөтөлкөлөрдү майдалагандан кийин пайда болгон кабырчыктар жуулат.

5. Андан соң кабырчыктар кургатылып, тазаргыча кайрадан жуулат.
6. ПЭТ-бөтөлкөлөр кабырчык болгуча гана иштетилет. Андан кийин кабырчыктарды таңгактап, Кытайга жиберишет.

"Эко Деми" фондусунун жетекчиси Айжан Чыныбаева белгилегендей, Кыргызстанда кабырчыктардан синтепон жана желим түтүктөрдү чыгаруучу фабрикалар бар.

Кабырчыктардан эмне даярдаса болот?

Кийим-кече үчүн маталар жана каптамаларды, курулуш каптамаларын, канализациялык түтүктөрдү, идиш-аяк жана башка товарларды даярдаса болот. Айрым компаниялар өз продуктуларынын толугу менен же айрым бөлүктөрү кайра иштетилген желимден өндүрүлгөнүн атайын белгилешет.

Башка өндүрүш

Кыргызстанда "bottle-to-bottle" (бөтөлкөдөн бөтөлкө өндүрүү) технологиясын билишпегени менен, башка желимдер аягына чейин иштетилип, колдонууга даяр буюмдарды жасап келишет.

  1. Бөтөлкөдөн өзүнчө чогултулган майонездин каптамасы, балдардын оюнчуктары, идиш-аяктар сымал пластиктер Бишкекте кайра иштетилет.
  2. Желимдерди майдалап, жууп андан соң ушундай майда бүртүктөргө бөлүшөт.
  3. Желим бүртүктөрдөн желим табак, чөмүч даярдашат— бул подукциялар «Дордой» жана башка базарларда жайнап турат. Жай мезгилдеринде жер-жемиштер үчүн жашиктер өндүрүлөт.

Бишкек мэриясынын билдирүүсү боюнча, желимдерди чыгаруу жана кайра иштетүүгө өткөрүү менен "Тазалык" ишканасы алектенет.

"Таштанды менен күрөшүүдө кайдыгер карабаган жарандарга Бишкек шаарынын мэриясы чын жүрөктөн ыраазычылыгын билдирет!", - деп айтылат билдирүүдө.

Бишкектин райондоруна чоң 70 жана кичине 30 тор челек бөлүштүрүлүп орнотулат. Ар бир районго 25 тор челек туура келет. Учурда контейнерлер кийинки даректерге орнотулду:

Свердлов району боюнча желим салуучу тор челектер:


  1. Театралдык сейил багы

  2. Жеңиш аянты (Red центрге жакын)

  3. Восток-5, Изумруд

  4. Аламүдүн – 1 кичи районундагы курулушчулар шаарчасы, № 1 үй

  5. Мамбетова көчөсү ФОК

Свердлов району боюнча желим салуучу тор челектер:


  1. Ош базары (Киев-Бейшеналиева)

  2. Ош базары (Токтогул, Ала-Арча көпүрөсү)

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
10.12.2019. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молодцы
10.12.2019. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
"Боёкчу-боёкчу десе, сакалын кошо боёптур" дегендей, которот десе мааниси эле эмес, курулушу да туура келбеген сөздөрдү "жаратмандар" табышчы болду. Муну менен кыргыз тили байыбай эле тантык тилге айланууда. "Камылга" эмес - "кампа", (камылганын мааниси дегеле "орун, жай" дегенге туура келбейт), "кыбырчыктар" эмес -"таарындылар" десе, кичине окшошот эле.
Aitunuk түзөттү 2019-12-10 23:34:08
11.12.2019. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aitunuk, эң туура!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: