Таласта жеңил унаа жол кырсыгына кабылып, 2 адам каза болуп, 3 адам ооруканага жеткирилди
Талас облусунда жол кырсыгы катталып, эки адам каза болду. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 2-декабрь күнү Талас районунун Кара-Ой айылында болгон.
"Хонда Степвагон унаасы Бишкекти көздөй келе жатып, кырсыкка кабылган. Кырсыктын кесепетинен эки жүргүнчү каза болуп, 3 адам ооруканага жеткирилген. Учурда кырсык боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат", - деп билдирет басма сөз кызматынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.