super.kg logo

Эртең "Таза аба" демилгесинин шартында сунушталган мыйзам долбоору боюнча коомдук угуу өтөт

 

Эртең, 12-декабрда "Таза аба" демилгесинин шартында сунушталган мыйзам долбоору боюнча коомдук угуу өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.

Кыргыз мамлекетинде, өзгөчө ири шаарларда абанын булгануусу олуттуу көйгөйгө айланды. Бул көйгөйдү жоюу жана анын кесепеттеринин алдын алуу боюнча Абдывахап Нурбаев, Жанар Акаев баштаган бир катар Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан тиешелүү мыйзам долбоору иштелип чыкты.

Мыйзам долбоорунун максаты жана милдети Кыргыз мамлекетинин ири шаарларында калктын саламаттыгына коркунуч туудурган аба мейкиндигинин булгануу деңгээлин төмөндөтүү боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу болуп саналат. Бул Бишкек шаарынын аба мейкиндигинин булгануу деңгээлинин туруктуу терс тренддери менен шартталган, ал келечекте оорулардын өсүшүн гана эмес, экономиканын айрым тармактарына мисалы, туризмге экономикалык залал алып келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: