super.kg logo

"Клипти тартып жатканда Жамааттык коопсуздук кеңешинин отуруму болуп, тоскоолдуктар жаралды" дейт "Супер хитке" чыгармасы кошулган Кубаныч Баркалбасов

 

SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар аптанын жеңүүчүсү аныкталат.

Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.

Бул аптада эң аз добушка ээ болгон чыгарманын ордун ырчы Кубаныч Баркалбасовдун "Айдайым" клиби толуктады.

"Чыгарманы 3 жыл мурда жазгам. Жакында эле досторума ырдап берсем, жакшы экен аткарып чык дешти. Ырга аранжировка жаздыргандан кийин дароо клип тартууга кириштим. Клипти тартып жатканда Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги отуруму орун алып, жер алдындагы өтмөктө эл адаттагыдан көп болуп, тоскоолдуктар жаралды. Ал эми клиптеги кыз арты менен чуркайм деп көп жолу жыгылып, маникюрун дагы сындырып алды. Клипти бир күндө тартканга үлгүрдүк", - дейт ал.

4-ДЕКАБРДАН 11-ДЕКАБРГА ЧЕЙИНКИ ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ:

10-орун - Азизанын "Чакырба сүйүү мезгилин" чыгармасы эң аз добуш топтоп, сынактан четтетилди.

9-орунду - Ильяз Андаштын аткаруусундагы "Жөнөкөй жигит" видеоклиби камсыздады.

8-орунга - Курал Чокоев менен Шерхан Абкуловдун "Кыздар, ай" чыгармасы жайгашты.

7-орун - Мурат Ниматовдун "Келинчегим бол" клибине буюрду.

6-орунду - Эрлан Андашевдин "Өкүнбө" чыгармасы багындырды.

5-орунга - Азат Раимбердиевдин "Карагым" клиби жайгашты.

4-орунду - Мурадил Данияровдун "Алтын апам" аталышындагы клиби камсыздады.

3-орун - Айдин Шердин "Отуздан ашып барамын" видеокомпозициясына буюрду.

2-орун - Нурмат Садыровдун "Кайда кеттиң?" чыгармасы алдыңкы үчтүктөн орун алды.

1-орун - Өткөн аптада тизмеге жаңыдан кошулган Төлөгөн Мамыровдун "Жубайыма" клиби эң көп добушка ээ болуп, жеңүүчү аталды.

Сүйүктүү видеокомпозицияңызга добуш берүү үчүн шилтеме.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
11.12.2019. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оббоо сага тоскоолдук жаратыштыбы сен кимсин озу баштараак президенттке айтып койсон болмок экен мен ал жерде клип тартам токтоткула кенешинерди деп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: