"АНЭС строй" турак жай курулуш кооперативинен жабыркаган пайщик: "Балдарым менен барарга жерим жок"







Бишкектеги 2016-жылы ишке берилчү көп кабаттуу үй дубалдары тургузулган бойдон токтоп калганына 3 жыл болгон. 2015-жылы жаңы үйдүн баасын толук төлөп бүткөн жарандар андан бери бала-чакалуу болуп, учурда үйү жок батирлеп жүрүүгө мажбур. Пайщиктердин бири айласы кеткенде кооперативдин кеңсесине барып түнөгөнгө аракет кылган. Бул маселе боюнча бүгүн,11-декабрда "Супер-Медиа" маалымат борборунда маалымат жыйын өттү.
Маалымат жыйынга жабыркаган пайщиктер Рустам Жолдошов, Агайым Мамбеткулова жана Сезим Өмүрбек кызы катышып, маселенин чоо-жайын айтып беришти. Айтымдарында, аларга “АНЭС строй” турак жай курулуш кооперативи 3 жыл мурда убадаланган үйдү бербей жатат жана алар турак үй үчүн тиешелүү сумманы төлөшкөн.
Алардын бири Сезим Өмүрбек кызы жабыр тартканын айтып, учурда баш калкалоого үйү жок, жолдо калганын айтат.
"2014-жылы жолдошум Мирэл Молдалиев экөөбүз баш кошуп, 2015-жылы үй алууну чечкенбиз. Кийин жарнамалардын биринен "Анэс строй" турак жай курулуш кооперативин көрүп калдык. Ал жактан жолдошум, кайнатам менен барып үй салынып жаткан обьектти көрүп келишти. Жыйынтыгында ал аймактан үй ала турган болдук. Анткени ал жерде бала бакча, мектеп оорукана жана башка келечегибизге керектүү объекттер болгондуктан, ал жакты ыңгайлуу деп тандадык.
Андан соң "АНЭС строй" турак жай курулуш кооперативинин директору Гүлнара Усенбаева аттуу жаран менен келишим түзүп, бир бөлмөлүү батир алганбыз. Келишим боюнча үй 2016-жылы бүтмөк. Андан бери канча убакыт болсо дагы, куруу иштери бүтө элек. Учурда үй-бүлөбүз менен Орусияда жашайбыз. Гүлнара Усенбаева бир жылда бүтөт, эки жылда бүтөт деп убадалап жүрдү. Биз дагы ага ишенип жүрө бергенбиз. Бирок эки жылдан бери куруу иштери жүрбөй токтоп турганына байланыштуу биз сарсанаа болуп, мамлекеттик органдарга кайрылып, акчабызды кайтаруу аркеттерин көрө баштадык. Акыркы келишим боюнча Гүлнара Усенбаева бизге 27 миң долларды бермек, бирок андан бери бир топ убакыт өтсө дагы акчабызды кайтарып ала албай жатабыз. Мен эки балам менен бир апта мурун Орусиядан учуп келдим.
Ал акчаларды үй үчүн ак эмгек менен таап бергенбиз. Азыр балдарым менен барарга жерим жок. Ошол кезде келишим түзгөн кайнатам дагы былтыр жүрөк оорусунан улам өтүп кетти", - деди ал.
Бул окуя боюнча "АНЭС строй" турак жай курулуш кооперативинин жетекчиси Гүлнара Усенбаева менен байланыштык. Ал "орто жолдо мен жаман көрүнүп жатам" дейт.
"Биз азыр курулуш салынган жер ээси менен соттошуп жатабыз. Пайщиктердин акчасы курулушка кирип, турак жай тургузулуп калган. Ал эми жер ээси бизге жерди толугу менен өткөрүп бербей, пайщиктерге "ага акча төлөбөгүлө, арыздангыла" деп, аларды бизге каршы үндөп жатат. Жердин негизги башчысы камалып кеткен. Булар тобу менен иштешет экен да. Бир тобу мен миллион доллар коротуп курган турак жайды "булар курбай жатышат" деген шылтоо менен сатып алабыз деп жатат. Алар сотторду да сатып алышыптыр. Пайщиктерге "соттон утуп чыгалы, күтө тургула" десем да болбой арызданып жатышат. Айрымдарына өз чөнтөгүбүздөн акча берип жатабыз", - дейт Гүлнара айым.
"Балдарым менен барарга жерим жок"



1 |