super.kg logo
  Саясат  

"Жасалма номерлүү унаа менен жүргөн жаран прокуратуранын кызматкери эмес" дейт ички иштер министринин орун басары

 

"Коомдо талкуу жараткан жасалма номерлүү унаа менен жүргөн жаран прокуратура кызматкериби?", - деп бүгүн, 11-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев сурады.

Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев жасалма номерлүү унаа менен жүргөн жаран прокуратуранын кызматкери эмес экенин билдирди. "Жасалма унаа номерин тагып жүргөн жаранга айып пул салынды. Учурда бул тууралуу материалдар юридикалык баа үчүн тергөө органына берилди", - дейт ал.

Интернетте 578 АСD мамлекеттик номер менен жүргөн бир канча унаанын сүрөттөрү жарыяланып, унаалардын айдоочусу Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Алмаз Мамбетов болушу мүмкүн экендиги талкууга алынган. Мамкаттоо кызматынан бул маалыматты четке кагып, Алмаз Мамбетов интернетке тараган сүрөттөргө өзү таң калып жатканын билдиришкен эле.

10-декабрда интернетте жасалма номерлүү бир канча унаанын айдоочусу Чүй облустук прокуратурасынын 28 жаштагы кызматкери деген маалымат тараган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: