super.kg logo

Орусиялык "Пусть говорят" берүүсүнө "эч кимим жок" деп маек берген дербиштин үй-бүлөсү Кочкордон табылды

 

Орусиянын Биринчи каналынын "Мейли, айта беришсин!" (Пусть говорят") берүүсүнөн Москванын чет жагында 25 жыл бою жашаган айым тууралуу эки ирет сюжет көрсөтүлдү. Биринчи берүүдө өзүн Марина деп атаган дербиш аял 1988-жылы Арменияда болгон жер титирөөдө апасы көз алдында кайтыш болуп, агасы ура бергендиктен, үйдөн качып кеткенин айткан. Жер кезип жүрүп, ал Москванын чет жагындагы токойго токтолуп, жайы-кышы дебей ошол жакта жанын багып келген.

"Мейли, айта беришсин" программасынын биринчи бөлүгүндө Маринанын бир туугандары табылып, бирок ал кайра эле көнгөн жашоосун улантып келген. 10-декабрь күнкү көрсөтүлгөн берүүнүн экинчи бөлүгүндө Маринаны Кыргыз өлкөсүндөгү туугандары тааныганы маалым болду. Ал кезинде Кыргыз өлкөсүндө жашап, турмушка чыгып, кыздуу болгону ачыкталды. Берүүгө Маринанын Нарындын Кочкор районунда жашаган кызы Мавлюда Токтахунова, кайнагасы Эркин Токтахунов, кайынсиңдиси Рано Токтахунова катышып, аларга себебин айтпай кетип калганын билдиришкен. Рано айым аны Марина эмес, Нора деп билишкенин, Нора агасы менен 2-3 жылдай жашап, Бишкекке чогуу баргандан кийин келбей койгонун айткан. Кызы да 30 жыл бою апасын издеп, таппай келгенин айтып ыйлаган. Кызыгы, берүүнүн аягында алпаруучу Маринадан "кызыңыз, неберелериңиз табылды. Эми аларга барасызбы?" деп сураганда кыска гана "жок" деп жооп берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
11.12.2019. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
очень интересно
11.12.2019. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Жалгыз жашоого көнүп калган го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: