super.kg logo

Жалал-Абадда "Селсаяк" аталышындагы рейд өткөрүлдү. Текшерүүгө алынган адамдардын арасында оор тагдырга туш болгон аялдар да бар

 

Жалал-Абадда "Селсаяк" аталышындагы рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейд 10-11-декабрь күндөрү болуп өттү. Анда Жалал-Абад шаарынын коомдук жайларында, көчөлөрүндө таң эртеден кечке чейин ыңгайсыздык жаратып, аракечтикке байланып, үй-бүлөсүз жана кароосуз калгандарды аныктоо иштери уюштурулду.

"Рейд учурунда жалпысынан 17 адам текшерүүгө алынып, аты-жөнү такталып, бармак издери алынып, тиешелүү иштер жүргүзүлдү. Алардын ичинен 12 жаран райондордон келгендиги белгилүү болуп, туугандары менен милиция кызматкерлери байланышып, жакындарына өткөрүлүп берилди. Ал эми 5 жаран шаар тургундары болуп чыккан. Жалал-Абад мэриясынын алдындагы суук түшкөндө селсаяктар үчүн каралган жылуу жайга жайгаштырылды. Белгилей кетсек арасында тагдырдын оор сыноосуна туш болуп, аракечтикке алдырып койгон жарандардын ичинде аялдар да бар. Алар бул жолго түшкөндүктөрүнүн себебин жакырчылык жана бала кездеги жаңылыштыктан болгонун айтышкан", - деди басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
11.12.2019. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ошол жаш кезинде жанылышып ушул кунго тушкон аялдар кезинде кыска юбкаларды кийип,уй-булоолуу эркектер менен тайрандап, тууган уругун байлыкка тенебеген эже, карындаштар озубуздун эле! Келгиле туура жолду тандап жашайлы урматтуу агалар-инилер жана Эже-карындаштар! !!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: