super.kg logo

Пакистанда медайым төрөй албай жүргөн таежесине эгиз ымыркайлардын бирин уурдап берген

 

Пакистандын Белуджистан аймагындагы төрөтканалардын биринде иштеген медайым жаңы төрөлгөн эгиз ымыркайлардын бирин уурдап, төрөй албай жүргөн таежесине берген. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда.

Маалыматка ылайык, төрөттөн кийин эгиз төрөгөн энеге бир ымыркайын гана берип, ооруканадан чыгарып жиберишкен. Качан гана эне эсине келгенде эгиздин бир түгөйүн ооруканадан бербей койгондугун түшүнүп, укук коргоо органдарына кайрылган.

Тергөө иштеринин алкагында, медайым 17 жылдан бери балалуу боло албай жүргөн таежесине эгиз ымыркайдын бирин уурдап бергендигин айткан. Кылмышка аны менен чогуу иштеген эки кызматкер да катышкан. Полиция кызматкерлери медайымды жана анын таежесин, ошондой эле кылмышка жардамдашкан эки кызматкерди колго түшүрүшкөн. Ал эми уурдалган наристе өз энесине кайтарылып берилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
12.12.2019. 08:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Мына, мына айтпадым беле. Мен каанча жолу айттым: "Ай эже, андай кылбаңыз, уят болот"-деп. Укпай койбодуңузбу, мына эми жатың жыргаап
12.12.2019. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Зита-Гитаго озунчеле))
12.12.2019. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бизде деле ушундай иштер болуп атпайбы. Пакистанда жакшы экен. Таап энесине кайтарып беришиптир. Бизде энеси чыркыраган боюнча калды го. Узи эгиз көрсөткөн, врачтар бир эле бала төрөлгөн деп коюшкан. Ошол Балыкчылык уй бүлө эмне болду экен. Супер билип бербейсинерби
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: