super.kg logo
  Саясат  

Батукаевдин иши боюнча үй камагына алынган Зарылбек Рысалиев президент менен БАЭге учуп кетти

 

Президент Сооронбай Жээнбеков расмий иш сапары менен Бириккен Араб Эмираттарына учуп кетти. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-декабрда Абу-Дабинин Мураскер ханзаадасы, БАЭ Куралдуу Күчтөрүнүн башкы командачысынын орун басары Мухаммед бин Заед Аль Нахаянын чакыруусу боюнча, расмий иш сапары менен Бириккен Араб Эмираттарына учуп кетти.

Делегациянын курамында: тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, президенттин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев, Жогорку Кеңештин депутаттары Марат Аманкулов, Зарылбек Рысалиев, Нурбек Алимбеков, Камчыбек Жолдошбаев, Улугбек Ормонов, Эмил Токтошев, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков, эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров, өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов жана экономика министри Санжар Муканбетов бар.

Зарылбек Рысалиевдин ушул жылдын 2-августунда Биринчи Май райондук сотунда баш коргоо чарасы каралып, ден соолугуна байланыштуу үй камагына алынган. Азиз Батукаев түрмөдөн бошотулуп, өлкөдөн чыгып кеткен чуулуу окуя учурунда Рысалиев Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -6 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: