super.kg logo

Компьютердик оюнга көз каранды бала атасын "оюнду токтот" дегени үчүн бычактап салган

 

Акыркы кезде өспүрүм балдар алардын жакындары үчүн видео оюндар коркунуч жаратып баштады. Жакында таиланддык жаран баласынын компьютердин оюнун токтотом деп каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 7-декабрь күнү Таиланддын Сураттхани шаарында 17 жаштагы Панварат 51 жаштагы атасы - полициянын сержанты Анувата Чойбэнгдьюну бычактап салган. Панварат компьютерде онлайн оюн ойноп жаткан учурда атасы токтотууну суранат, ошол кезде уулу атасынын артына бычак сайган. Кылмыш болгон жерге полиция кызматкерлери келгенде кесиптеши ашканада канга боёлуп жаткан болот. Ашканадагы кафелде кандын изи болгондуктан, кылмыш короодо орун алып, сержант ашканага сойлоп келген болушу мүмкүн деген версиялар каралууда. Жабырлануучуну ооруканага жеткиришкени менен көп өтпөй Анувата көз жумган. Ал эми уулун жакын арадагы интернет-кафеден досу менен видео оюн ойноп жаткан жеринен кармашкан. Үй-бүлө мүчөлөрү Панварат түнү менен компьютердик оюн ойноп, күндүз уктаарын жана ошонун айынан мектептен да айдалып кеткенин билдиришкен. Маркумдун карындашы агасына баласынын компьютердик оюндан башы чыкпай калганы жакпай, көп жолу жаман адатынан арылтканга аракет кылганын айткан.

Полициянын берген маалыматына караганда, атасынын өлүмүнө шектелип кармалган Панварат суроолорго жооп бербей, иликтөөчүлөр менен иштешүүдөн баш тартып келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
12.12.2019. 09:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ушундай пайдасыз жана жагымсыз жаңылыктарды киргизбей эле койсонор болобу? Сураныч!!! Биздин жаштарга тарбиялык маанини бербеген жанылыктарды сорттоп чыгаргылачы
12.12.2019. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Lui, башкаларга улгу болсун деп чыгарышкан го, ата энелерге кумуш сырга, балдарды жашынан козомолдойлу
12.12.2019. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kechirmeni,Балким, бирок а минтип койсок да болот тура деп ой жүгүртчү жаштар да болоору анык. Үлгү ала турчу башка өңүттө жаңылыктарды чыгарышса да болот
12.12.2019. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Lui,эн туура айтасын
13.12.2019. 01:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Өлтүрдү, өрттөдү, сойду деген жаңылыктарды азайтсаңар сонун эле болмок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: