super.kg logo

Мамлекеттик каттоо кызматы: "Жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрүнө карата документтер кабыл алына баштады"

 

Бүгүн, 12-декабрда Бишкекте жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк аны алып жаткан алгачкы жаранга салтанаттуу түрдө тапшырылды. Тапшыруу аземине Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Урмат Кожомбердиев катышты. Анда жаңы айдоочулук күбөлүккө биринчилерден болуп Бексар Сулупов аттуу жаран ээ болду. Ал SUPER.KG порталына жаңы айдоочулук күбөлүк тууралуу пикири менен бөлүштү: "Айдоочулук күбөлүктүн сырткы сапаты мыкты экен. Эң негизгиси билдирме калтырган күндөн тарта, үч күндүк мөөнөттө эле даяр болуп калды. Баасы дагы мурункуга салыштырмалуу арзан", - деди ал.

Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Урмат Кожомбердиев жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрүнө карата документтер 9-декабрдан бери кабыл алына баштаганын белгилеп өттү.

"Айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн жарандардан арыз Унаа мамлекеттик мекемесинин бардык аймактык бөлүмдөрүндө кабыл алынат. Ошол эле маалда эски үлгүдөгү күбөлүктөр мөөнөтүнүн аягына чейин жарактуу боло берет. Ал эми 2019-жылдын 10-июнунан тартып 2019-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттөгүлөр (убактылуу айдоочулук күбөлүк) алмаштырышы керек", - деди ал.

SUPER.KG порталы "Жаңы айдоочулук күбөлүктүн өзгөчөлүгү жана коргоо элементтери" тууралуу суроо салды. "Айдоочулук күбөлүк жакшыртылган дизайн жана жасоодо колдонулган материалдын сапаттуулугу менен айырмаланат. Жарандын жеке маалыматы жана сүрөтү лазердик принтерде басылып чыгарылат. Мындан тышкары, күбөлүккө 20дан ашык коргоо элементтери киргизилди. Бул жасалма айдоочулук күбөлүктүн жасалышына бөгөт коёт деп ишенем", - деди Урмат Кожомбердиев.

Маалым болгондой, жаңы айдоочулук күбөлүктүн баасы 732 сомду түзүп, ал үч күндүк мөөнөттө даяр болот.






Бишкекте жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк бериле баштады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
12.12.2019. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Менин маш айдаганыма 10жыл болуп калды бирок омуру куболук алган эмесмин эми алайын деп жатам кандай жол менен алам туугандар?
12.12.2019. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Benazir08,Уч жашар баланын колу бутун чозуп кайсо да унааны айдап кете берет! Правила сакташ керек сага окшогон бомбилдерди камаш керек корупцияга салым кошкон силерге окшогондор маиге чуркап барып акча бересинер!Сен как пяный водитель преступник дегендей эле преступник экенсин!Дагы мактанып койосун да !
Azatbek.Svoboda. түзөттү 2019-12-12 16:20:29
12.12.2019. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айдоочулук күбөлүк алуунун шарттарын оордотпой айдоочулукту үйрөткөн мектептерди жөнгө салуу керек.
13.12.2019. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага убактылуу айдоочулук куболугу берилген, корочка жоктугуна байланыштуу. Азыркы убакта мен Москва шаарындамын. Ушул жактан алууга мумкунбу? Мындан сырткары айдоочулук куболуктун баасы кымбат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: