Спорттук жана бал бийи боюнча эл аралык мелдеште Кыргыз өлкөсүнөн барган жуп күмүш медаль тагынды




Спорттук жана бал бийи боюнча өткөн эл аралык мелдеште кыргыз бийчилери экинчи орунду багындырып, күмүш медаль тагынышты. Бул тууралуу Спорттук бий федерациясы маалымдаган.
Кыргыз өлкөсүнөн барган жуп Артём Семеренко жана Валерия Качалко "WDSF World Open-2019" мелдешинин латын программасына катышып, чоңдор категориясында экинчи орунду багындырышты.
Иш-чара Норвегиянын Осло шаарында 6-8-декабрда орун алган. Аталган мелдешке 56 өлкөнүн бийчилери катышып, финалдык баскычта 10 жуп баш байге үчүн ат салышкан.
Кыргыз бийчилери спорттук жана бал бийи боюнча буга чейин бир нече жолу чет өлкөлөрдө өткөн эл аралык турнирлерде алдыңкы орундарды багындырып келишкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
2

Комментарийлер(1)
asylym77

12.12.2019. 18:35
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодцы. Кыргызстандын намысын коргогон.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.