super.kg logo
  Саясат  

Депутат Икрамов Кой-Таш окуясы боюнча ишти өкмөт жеңил карап жатканын айтты

 

Депутат Тазабек Икрамов Кой-Таш окуясы боюнча укуктук баа берүүдө акыйкат иликтенишине бийлик, оппозиция дагы кызыкдар деген пикирин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 12-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Мамлекеттик комиссиянын курамына жарандык коомдун, өкмөттүн өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары кирген. Ал жерде бир адам каза болду, бир канча кишилер жарадар болду, мамлекеттин стабилдүүлүгүнө доо кетти. Биз бул маселенин саясий жагын дагы эстен чыгарбашыбыз керек. Бул иште тергөө органдарынын калыс иштешин талап кылалы. Мамлекеттик комиссия окуя болгон жерге барып, эл менен жолугуп келди. Милиция кызматкери бүгүнкү күндө майып болду. Бирок өкмөт бул маселени жеңил карап жатасыңар. Качанкыга чейин ушундай боло берет? Качан мыйзам баарына бирдей болот. Бул маселеге көңүл буруп койгула", - деди депутат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: