Төшүн кармап баратат деген чуулуу сүрөт. Мамкаттоонун жетекчиси ИИМге арыз менен кайрылды
Мамкаттоонун жетекчиси Алмаз Мамбетов Ички иштер министрлигине арыз менен кайрылды. Анын кайрылуусуна интернетке тараган 578 АСD мамлекеттик номер менен жүргөн бир канча унаанын сүрөттөрү себеп болгон. Тагыраагы, талкууга алынган унаалардын айдоочусу Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Алмаз Мамбетов болушу мүмкүн экендиги айтылган.
Бүгүн, 12-декабрда Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдирүү таратты.
"Алмаз Мамбетов бул ишти териштирүү боюнча арызын 6-декабрда жазган. Ал бир эле жасалма номерди бир нече унаага тагып алгандарды жоопкерчиликке тартууну өтүнгөн. Ошондой эле жасалма номер менен бара жаткан кишинин сүрөтүн чыгарып, адамдын жеке маалыматын ЖМКга тараткан Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын мониторинг борборунун кызматкерин жоопко тартууну суранган.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 320-берененин 2-бөлүгү (кызматынан кыянаттык менен пайдалануу) менен катталып, сотко чейинки иликтөөгө алынган. Бул боюнча тергөө башталып, маалыматты таратып жибергендер жана жасалма номер бергендерди табуу иштери жүргүзүлүп жатат.
Мындан тышкары, жасалма номерлүү унааны Мамкаттоонун жетекчиси эмес, Чүй облустук прокуратурасынын кызматкери айдап бара жаткан деген маалымат боюнча Башкы прокуратуранын коопсуздук жана кызматтык иликтөө бөлүмү териштирүү иштерин жүргүзүп жатат", - деп жазылат маалыматта.
Алмаз Мамбетов интернетке тараган сүрөттөргө өзү таң калып жатканын Мамкаттоодон билдиришкен эле.
Социалдык тармактарга тарап кеткен сүрөттөрдүн бирине карата “Алмаз Мамбетов орун басарынын төшүн кармап жатат” деген билдирүү жазылган. Бул боюнча SUPER.KG порталына Мамкаттоонун төрагасынын орун басары Айнура Туйбаева комментарий берген.
10-декабрда Республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Тилек Исаев 578 АСD номерлүү Мерседес унаасын 22 жаштагы Н.Т. аттуу Бишкек шаарынын тургуну айдап баратканын билдирген.











1 |