2020-жылы өлкөнүн айрым шаарларында балдарды биринчи класска кабыл алуу электрондук каттоонун негизинде жүргүзүлөт
2020-2021-окуу жылында өлкөнүн айрым шаарларында биринчи класска барчулар электрондук каттоодон өтүшү керек. Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан окуучулар "Мектепке электрондук каттоо" долбоорунун негизинде билим берүү мекемелерине кабыл алынарын айтат.
"Былтыр "Мектепке электрондук каттоо" долбоору пилоттук негизде киргизилген. Анын жыйынтыгына ылайык, Бишкектеги билим берүү мекемелерине 19 миң окуучу кабыл алынган.
Электрондук каттоо ата-энелерге жеңил шарт түзүп берүү, коррупциянын болушуна жол бербөө үчүн киргизилген. Долбоор өзүн актагандыгына байланыштуу 2020-2021-окуу жылында электрондук каттоо системи Кара-Балта, Токмок, Ош, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя жана Балыкчы шаарларында ишке кирет. Учурда аталган шаарларда балдардын тизмеси, даректери жана башка жеке маалыматтары такталып, даярдык иштери жүрүүдө", - деди басма сөз кызматынан.
