super.kg logo

"Центерра Голд Инк." компаниясы Монголияда эч кандай активдерге ээ эмес

 

Акыркы кезде айрым бир жалпыга маалымдоо каражаттарында “Монголиянын аппеляциялык соту Центерра Голддун 4 лицензиясын БӨУ пайдасына алып койду” деген маалыматтар чыккан.

Ушуга байланыштуу "Кумтɵр Голд Компани" (КГК) жалпыга маалымдоо каражаттарында чыккан маалыматты төгүндөп, "Центерра Голд Инк." компаниясы 2018-жылдын октябрь айынан тартып Монголияда бизнес ишмердигин жүргүзбɵгɵнүн жана Монголияда активдерге же объектилерге ээ болбогонун баса белгилейт.

"Центерра Голд Инк." бул Торонто фондулук биржасында катталган Канадалык компания жана "Кумтɵр", "Маунт Миллиган", жана "Оксүт" кендерине жана дүйнɵ жүзүндɵгү башка кен жайларга ээ. 2018-жылдын октябрь айына чейин "Центерра Голд Инк." Монголиядагы эки туунду ишкана аркылуу иштеткен бизнес-бɵлүмгө ээ болгон. Бул Монголиялык компаниялар “Centerra Gold Mongolia LLC” жана “Boroo Gold LLC” деп аталышчу. 2018-жылдын октябрь айында "Центерра Голд Инк." ɵзүнүн Монголиялык бизнесин Сингапурда негиздеген "OZD GROUP PTE Ltd." аттуу жеке компанияга саткан. Транзакция бул аталган эки компанияны - "Centerra Gold Mongolia LLC" жана "Boroo Gold LLC" (бүтүндɵй бойдон) "OZD GROUP PTE Ltd" компаниясына сатуу менен аяктаган. Кошумча маалыматты "Центера Голддун" тɵмɵнкү пресс-релизинен алсаңыз болот. https://s3.amazonaws.com/centerragold/news/October2018/A6rvd5bxeVejnZsmpFAD.pdf .


"Центерра Голд" жөнүндө кошумча маалымат www.sedar.com SEDAR системасында, www.centerragold.com жана www.kumtor.kg корпоративдик сайттарда жеткиликтүү.

Кошумча маалымат үчүн ЖМК менен байланыштар бөлүмүнө кайрылыңыздар.

Байланыш номерлери: (312) 90-07-07; 90-08-08; факс: (312) 90-07-28 KGC.mediа@centerragold.com






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
12.12.2019. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
тажатты Кумтор тажатты Кумторго адвокаттык кылган депутаттар керек болсо президент жана премьер министр баш болгон жеп жутарлар тажатты Кыргызстан кен байлыгын казбай туруп бай жашаса болот ички ондурууну кучотуу керек окмот керек болсо аларды колдоо керек азырчы азыр наборот бир жумуш ачсан артынан нологовой келет очойгон налогун салып ал аз келгенсип артынан бекерчи арам тамак черныйлары келет ошентип ишкер алдыга жылбай калат ошондуктан бизде майда фирма майда ишканалар жок
12.12.2019. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Демек, Кыргызстан байкуш кайра эле шалпайып калыптырда. Бизди Сапаш алдап акыркы жолу Центеррадагы улушту кыскартпады беле, катуу онугуу болот деп, боктубу, Центерра активдерин сатып, андан Кыргызстан кыпындай пайда корбоптур.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: