super.kg logo

Милиция ээн калган сарайда асынып алган маркумдун жакындарын табууга жардам сурайт

 

Милиция кызматкерлери жансыз денеси табылган жарандын аты-жөнүн тактоого жардам сурайт. Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Ысык-Ата РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө бүгүн эртең менен эркек кишинин жансыз денеси табылганы боюнча маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барганда, каралбай калган сарайда маркум асынган абалда болгон. Денеге кароо жүргүзгөндө күч колдонуу фактылар болгон эмес. Ошондой эле жанында аты-жөнүн тактай турчу документтер да болгон эмес.

Мындан улам милиция кызматкерлери маркумдун жакындарын табууга жардам сурайт.

Өзгөчө белгилери: Жашы болжол менен 30-40 чамасында.

Кийген кийимдери: Көк түстөгү күрмө, жынсы шым, кара түстөгү кофта жана кара түстөгү бут кийим.

Кимде-ким сүрөттөгү жаранды таанып билсе, төмөндөгү номерлерге чалып коюну милиция кызматкерлери өтүнөт.

Байланыш телефону: 0312 61-69-07, 03132 5-21-47, 0701 61-69-07.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: