Жаңы жылдык балатынын чырактары жандырылат. Эртең Чүй кең көчөсүнүн айрым бөлүгү убактылуу жабылат

Бишкектин Чүй кең көчөсүнүн айрым бөлүгү убактылуу жабылат. Бишкек мэриясынын маалымат кызматынан мындай ыңгайсыздык эртең, 13-декабрда саат 17:00дөн баштап орун аларын билдирди.
"Урматтуу шаар тургундары, эртең, 13-декабрда саат 19:00дө "Ала-Тоо" аянтындагы Жаңы жылдык балатынын чырактарын жандыруу иш-чарасы өтөт. Буга байланыштуу Чүй кең көчөсүнүн Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү иш-чара аяктаганга чейин жабылат.
Келтирилген ыңгайсыздык үчүн айдоочулардан жана жүргүнчүлөрдөн кечирим сурап, алдын ала альтернативдүү жолду тандап алуусун өтүнөбүз", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
zhaku2017

12.12.2019. 18:39
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаны жылынар кут болсун. Жаны жылды жакшы тоскула. Бар болгула. Жаны жыл бизге жакшылыктарды алып келсин.
suban78

12.12.2019. 22:12
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаны жылынар менен кыргызстандыктар. Ийгиликтуу жыл болсун мамлекетибизге.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.