super.kg logo

Токтогул районунда 44 жаштагы жаран баңги затын сактап жүргөн деген шек менен кармалды

 

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда 44 жаштагы жаран баңги затын сактап жүргөн деп шектелип, кармалды. Маалыматты облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-ноябрь күнү Токтогул РИИБине Чолпон-Ата айыл аймагынын “У” аттуу тургуну баңги затын чогултуп жүрөт деген маалымат түшкөн. Аталган факты ошол эле күнү Токтогул РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

"28-ноябрдан 29-ноябрга караган түнү саат 02:55 чамасында шектүүнүн аты-жөнү аныкталып, ал Токтогул районунун 1975-жылы туулган тургуну М.У. экендиги такталган. Баңги затын жок кылуу жана бирөөгө берип жиберүүнүн алдын алуу максатында шектүүнүн үйүнө кечиктирилгис тинтүү жүргүзүү токтому чыгарылган. Анын негизинде сарайдын ичинен жашыл түстөгү, кескин жыты бар салмагы болжол менен 10 килограмм 150 грамм өлчөмүндөгү баңгизат жана көгүш түстөгү 60 литрлик темир идиштин ичинен кара түстөгү, кескин жыты бар жалпы салмагы 43 килограммдан ашуун суюктук заттар күбөлөрдүн катышуусунда алынган. 44 жаштагы шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып, 2 айга камакка алуу түрү тандалып алынган. Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, соттук-химиялык экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: