super.kg logo
  Саясат  

Райымбек Матраимов "Азаттык", "Kloop" жана "24.kg" сайтын сотко берди

 

Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов "Азаттык", “Kloop” жана "24.kg" сайтын сотко берди. Бул тууралуу Свердлов райондук сотунан билдиришти.

Ошондой эле журналист Али Токтакунов дагы бар.

"Арыз берген тарап кадыр-баркына доо кетирилгенин белгилеп, "Азаттыкты" 22 миллион 500 миң сомго, “Kloop” сайтын 12 миллион 500 миң сомго, ал эми "24.kg" сайтына 15 миллион сомдук доо койгон. Ал эми Али Токтакуновго 10 миллион сомдук доо коюлган. Соттук аныктама 10-декабрда чыгып, анда аталган сайттардын банктык эсептери камакка алынды. Иш өндүрүшкө алынып, болжолдуу соттук отурум 19-декабрга белгиленди", - деп билдиришет басма сөз кызматынан.

Бул иште судья Жылдыз Ибраимова.

Өткөн аптада УКМКнын сурагына күбө катары келген Райымбек Матраимов "Менин аброюма шек келтирип, мен тууралуу жалган маалыматтарды тараткан Али Токтакунов, Ширин Айтматова жана башка журналисттерди сотко бердим. Ал эми "Азаттык" менен соттошууга эл аралык деңгээлде даярданып жатабыз" деген эле.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -5 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: